Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Орусия АКШда өтө турган ядролук коопсуздук саммитине бойкот жарыялады


Орусия Вашингтондо өтө турган ядролук коопсуздук боюнча саммитке катышпай турган болду. Ири өзөктүк куралы бар державалардын бири болгон Орусиянын мындай чечими АКШда тынчсыздануу жаратууда.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын курал-жаракты көзөмөлдөө жана эл аралык келишимдер боюнча орун басары Роуз Геттемюллер эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты "ар түрдүү" деп мүнөздөдү:

- Так айта алам, азыр ар түрдүү болуп жатат. Орусия менен кызматташтыгыбыз артып жаткан тармактар бар. Бирок, айрым багыттар боюнча, чынын айтсам, көйгөй болууда. Эмне үчүн, мисалы, алар Вашингтон саммитине катышкысы келбей жатат?

31-мартка пландалып жаткан жыйынга ондогон дүйнө лидерлери келип, ядролук материалдарды террорчулардан коргоонун жолдорун талкуулашат. (RK)

XS
SM
MD
LG