Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Чек арада жашаган аялдарга “Атуул-2016” наамы берилди


Тажик чек арасына жакын жердеги Ак-Сай айылы.
Тажик чек арасына жакын жердеги Ак-Сай айылы.

29-мартта Бишкекте өткөн «Мага баары бир эмес!» форумунда кыргыз-тажик чек арасында жашап келе жаткан 73 жаштагы Шаары Мажитовага жана 80 жаштагы Уулкан Алимбаевага “Атуул-2016” наамы ыйгарылды. Алар экөө тең чек арадагы үйлөрүн, жерлерин таштап, башка жакка көчүп кетпей, чек араны кайтарып жашап жатканы үчүн бул наамга татыктуу деп табылышты. Форумдун уюштуруучулары маалымдашкандай, Баткендин Чек-Дөбө айлында жашаган Шаары Мажитова жергиликтүү бийликтин сунушу менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына барып отурукташкан. Ошондон кийин коңшу тажиктердин бул аймактагы жылма экспансиясы токтогон. Ал эми Уулкан Алимбаева кыргыз-тажик чек арасындагы өрүк бактарына көптөгөн акча сунушташканына карабай, аймактан кетпей жашап жүргөнү үчүн бул наамга татыды. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, бул эки байбиче чек арада мал кармап, килем согуп, жашап келишет.

“Мага баары бир эмес!” форуму дагы төрт кишиге “Атуул-2016” наамын ыйгарды. Алар: ишкер Элдар Абакиров, жарандык активист Бакыт Дегенбаев, википедиячы Чоробек Сааданбеков, драматург Андрей Ли, юрист Клара Сооронкулова.(ZKo)

XS
SM
MD
LG