Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:58

Үч кыргыз мушкери лицензиялык мелдештин жарым финалында күч сынашат


Кыргызстандык мушкер Эрмек Сакенов (көк формачан) Казакстанда болгон эл аралык мелдеште.

Кыргызстандык мушкер Эрмек Сакенов (көк формачан) Казакстанда болгон эл аралык мелдеште.

Кытайда өтүп жаткан бокс боюнча лицензиялык мелдеште кыргызстандык үч мушкер жарым финалдык беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алды.
Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында жазылган.
Маалыматка караганда 29-мартта Кыргызстандын 6 мушкери чейрек финалда күч сынашты. 52 килограммга чейинки салмакта Азат Үсөналиев монголиялык Харкхуу Енк Амарды жеңип алды.

64 килограммга чейинки салмакта Эрмек Сакенов Баттарсух Чинзоригди утту. 81 килограммга чейинки салмакта Эркин Адылбек уулу түркмөнстандык Азизбек Ачиловду жеңди.

Өмүрбек Малабеков (56 кг.), Ильяр Ахметов (75 кг.) жана Сергей Паренко (91 кг.) жарым финалга чыгуу үчүн таймаштарда утулушуп олимпиада лицензиясы үчүн беттештерден четтеп калышты. Жарым финалдык таймаштар 31-мартта болот.

Кытайдын Цяньань шаарында Азия жана Океания чөлкөмдөрүнүн спортчулары үчүн болуп жаткан мелдеште ар бир салмакта үчтөн жолдомо Рио-де-Жанейро олимпиадасына берилет. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG