Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Египет учагын барымтага алган адам 8 күнгө камалды


59 жаштагы Сейфиддин Мустафаны полиция кармаган учур
59 жаштагы Сейфиддин Мустафаны полиция кармаган учур

Египет учагын Кипрдин Ларнак шаарындагы аба майданга 29-март күнү мажбурлап кондурган адамды сот күнөөлүү деп таап, сегиз күнгө камакка алуу чечимин чыгарды. Ал барымтага алуу, зомбулук жасоо жана уурдоо беренелери менен айыптуу деп табылды.

Александрия университетинин профессору, 59 жаштагы Сейфиддин Мустафа 29-мартта EgyptAir компаниясынын Александрия шаарынан Каирге 81 жүргүнчү менен учуп чыккан Airbus 320 учагын мажбурлап, Кипр аймагына кондурган эле. Ал жанкечти куру бар экенин айтып коркуткан.

Алгач барымтага алынган учактан жаш балдар менен аялдар чыгарылып, бир канча сааттан кийин калган жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрү да эсен-соо бошотулган. Барымтачы колго түшүп, анын курунда эч кандай жардыргыч зат жок болуп чыккан.

Прокурор Андреас Ламбрианоу билдиргендей, ал сурак учурунда “24 жылдан бери Кипрдеги балдары менен аялын көрө электигин” айтып, бул кадамга аргасыздан барганын белгилеген.

XS
SM
MD
LG