Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52

Дагестандагы жардырууну ИМ тобу мойнуна алды


Жардыруу болгон жердеги коопсуздук күчтөрү.

Жардыруу болгон жердеги коопсуздук күчтөрү.

Дагестанда 30-март күнкү жардыруудан бир полиция кызматкери мерт кетип, экөө жарадар болду. Жардыруунун жоопкерчилигин өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ алды.

Reuters агенттиги Дагестан полициясына таянып билдиргендей, эки машина жарылган. Жардыргыч заттын кандай түрү колдонулганы азырынча белгисиз.

“Ислам мамлекетин” экстремисттик тобун колдогон Amaq агенттиги интернетке жарыялаган маалыматта кол салууну аталган топ жасаганы тууралуу айтылат.

Февралда Түндүк Кавказда уюштурулган жардырууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган эле. Чеченстан менен чектешкен Дагестанда Даиштин (“Ислам мамлекетинин”) катарына киргендер көп экени айтылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG