Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:05

Тажикстан футбол федерациясы машыктыруучу курамды кызматтан кетирди


Тажикстан футболчуларынын буга чейинки башкы машыктыруучусу Мубин Эргашев жана капитан Хуршед Махмудов.

Тажикстан футболчуларынын буга чейинки башкы машыктыруучусу Мубин Эргашев жана капитан Хуршед Махмудов.

Тажикстандын футбол федерациясы бүгүн улуттук курама команданын машыктыруу штабында иштегендерди толугу менен кызматтан кетирүү боюнча чечим кабыл алды. “Азаттык” радиосунун тажик кызматы кабарлагандай, башкы машыктыруучу Мубин Эргашев жетектеген топ улуттук курама 2018-жылкы дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда начар ойногону үчүн ушундай ыкма менен жазаланды.

2019-жылкы Азия кубогунун тандоо оюндарына башка топ машыктыруучулук кылат.

Тажиктер 2018-жылкы дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарында “B” тобунда беттештерди өткөрүп, төртүнчү орунду ээледи. Топто Тажикстандан сырткары Кыргызстан, Австраля, Иордания жана Бангладеш бар болчу. Жыйынтыгында 21 упай менен Австралия биринчи, 16 упай менен Иордания экинчи, 14 упай менен Кыргызстан үчүнчү орунду алды. Тажикстан 5, Бангладеш 1 упай топтогон.

Тажикстан өз үйүндө 29-мартта кыргызстандыктарды кабыл алып, 0:1 эсебинде утулган.

Кыргызстандыктар менен болгон беттешке саналуу күндөр калганда Тажикстандын башкы машыктыруучусу Мубин Эргашов оруканага жатып калып, команданы анын ордуна ага машыктыруучу Роман Пилипчук оюнга алып чыккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG