Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Ооган армиясынын 15 өкүлү талиптер менен салгылашууда каза болду


Ооганстандын түштүгүндөгү Урузган провинциясында талиптерге каршы күрөш маалында өкмөт күчтөрүнүн 15 өкүлү мерт кетти. Жергиликтүү полиция кызматкери маалымдагандай, аймактагы чоң жолдо 29-март күнү салгылашуу жүрдү. Төрт күн мурун "Талибан" согушкерлери провинция борбору менен Дихрауд аймагын байланыштырган шоссени тосуп алышкан эле. Ондон ашуун курмандыкка карабай, ооган өкмөтү жолду ачууга жетишти. Талибандар арасында каза тапкандар жөнүндө азырынча маалымат жок.

Ал арада согушкерлер Урузгандын башка аймактарында жана Гилменд районунда соккуларды күчөткөнү кабарланды.

XS
SM
MD
LG