Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:53

28-март күнү кечинде Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун залында Нооруз салтанаты өттү. Бул тууралуу бүгүн Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Кулуев кабарлады. Кожогелди Кулуевдин айтуусу боюнча, иш-чара түрк тилдүү элдердин маданияты - ТҮРКСОЙ уюму тарабынан ага мүчө бир катар өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдык мааракесинин урматына уюштурулган.

ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Дүйсен Касеинов Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдык мааракесинин урматына Нооруз салтанатын уюштурууга колдоо көрсөткөн Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун мырзага ыраазычылык билдирди.

ТҮРКСОЙдун АКШдагы соңку концерти 1-апрель күнү Вашингтондун Уорнера театрында өтөт.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG