Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

Алматы соту жарандык активисттердин жазасын жеңилдетти


Ермек Нарымбаев (сол жакта) менен Серикжан Мамбеталин сотто
Ермек Нарымбаев (сол жакта) менен Серикжан Мамбеталин сотто

Алматыдагы апелляциялык сот социалдык сайттарга жазган пикиринен улам камакка алынган Серикжан Мамбеталин менен Ермек Нарымбаевге жаза мөөнөтүн чегерди. Соттук коллегиянын чечими боюнча Мамбеталинге бир жылдык абак мөөнөтү берилип, үч жыл коомдук ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынды. Ошол эле маалда тергөө абагындагы күндөрдү эске алганда түрмө мөөнөтү сегиз ай деп белгиленди. Ал эми Нарымбаевге үч жылдык камак чегерилип, беш жыл коомдук ишмердүүлүккө чектөө коюлду. Тергөө абагындагы убакытты эсепке алуу менен камак мөөнөтү эки жарым жыл деп белгиленди.

Сот жараяны журналисттерге монитор аркылуу чагылдырылды.

Эки активистке Facebook баракчаларына “Көчөдөн соккон шамал” деп аталган китептин үзүндүлөрүн жайгаштыргандан кийин кылмыш иши козголгон. Текстте эл аралык кастыкты козуткан элементтер бар экени айтылган. Активисттер аны интернеттен көчүрүп алышканын билдиришкен. Ал эми чыгарманын автору, дагы бир жарандык активист Мурат Телибеков китепте андай маанидеги тексттер жок болгонун сотто айтып чыккан.

Мамбеталин менен Нарымбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси боюнча “социалдык, улут аралык, расалык жана диний чатакты козуткан”, - деген айыптар тагылган.

XS
SM
MD
LG