Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

Өкмөт инвестициялык саясат тууралуу парламентте маалымат берет


Бүгүн Жогорку Кеңеште Кыргызстандагы инвестициялык саясат боюнча “өкмөттүк саат” өтөт. Анда өлкөгө инвестиция тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товар өндүрүү жана тышкы рынокко алып чыгуу маселелери талкууланат.

Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, талкууга премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт толук курамы менен катышат.

29-мартта Бишкекте ишкерлер менен жолугушууда Сариев былтыр коңшу өлкөлөрдөгү оор экономикалык абалга карабастан Кыргызстан 2015-жылды жакшы көрсөткүчтөр менен жыйынтыктаганын, инфляциянын деңгээли анча жогору болбогонун айткан. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG