Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:34

Хаменеи: Биздин келечек сүйлөшүүлөрдө эмес, ракеталарда


Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи “өлкө коопсуздугунун ачкычы сүйлөшүүлөр эмес, ракеталар” деп билдирди. Ал өзүнүн жеке сайтына жарыялаган кайрылуусунда Ирандын революциялык күчтөрүнүн баллистикалык ракета өндүрүү аракетин колдоого чакырды. "Келечек ракеталарда эмес, сүйлөшүүлөрдө деп айткандар сабатсыздар же саткындар” дейт Хаменеи.

Ирандын соңку ракета изилдөөлөрүн АКШ, Франция, Британия жана Германия “абалды курчутуучу жана козутуучу” фактор деп катуу сынга алган болчу.

Орусия ирандыктардын ракета изилдөөлөрүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына каршы келбейт деп, Иранга колдоосун билдирген жана ага карата жаңы санкция киргизүү зарылчылыгы жок экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG