Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Депутаттар Үңкүр-Тоо боюнча протоколду жабык талкуулады


Үңкүр-Тоо
Үңкүр-Тоо

Жогорку Кеңеш кечээ жабык жыйынга чогулуп, өлкөдөгү коопсуздук, чек ара маселесин талкуулады. Ага өкмөт башчы Темир Сариев жана тиешелүү мекеме башчылары катышты.

Башкы прокуратурага 20-апрелге чейин Үңкүр-Тоого байланыштуу интернетте сүрөтү тарап жаткан протоколдордун чын-төгүнүн териштирүү тапшырмасы берилди.

Талкуу учурунда “Республика Ата-Журт” фракциясынан депутат Рада Түмөнбаева бул маселе боюнча премьер-министрге кайрылган. Депутаттын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, учурда анын колунда ошол протоколдун көчүрмөсү бар:

- Менде катталган номуру жазылган көчүрмөсү бар. Мага жергиликтүү депутаттар алып келип, пакет менен таштаган. Өкмөттүн да, жергиликтүү депутаттардын да аброюна тийип жатат тамашага салгандай болуп. Демек, баарын тактап, акырына чейин чыгыш керек. Балким, элди дүрбөткөн үчүнчү күч бардыр...

Аксы районунун Үңкүр-Тоосунда жайгашкан “Кербен” (РРС-24) радиорелейлик станциясы боюнча маселе учурда кызуу талкууланууда.

Буга чейин өкмөт “маалыматтык коопсуздукту күчөтүү, аймактардагы байланыш жана интернеттин сапатын жогорулатуу боюнча Аксыда кошумча станция куруу тапшырмасын бергени” айтылган.

Ал эми Кербен шаардык кеңешинин депутаттары өкмөт аларга былтыр ноябрда премьер-министрде өткөн жыйындын протоколун жөнөткөнүн, анда Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагында жайгашкан деп жазылганын, бирок бул тоо эч убакта өзбек тараптыкы болбогонун айтууда.

Өкмөт андай протокол барбы же жокпу, так айта элек. Болгону, премьер-министр Темир Сариев Үңкүр-Тоону Өзбекстанга берүү тууралуу эч кандай токтомго кол койгон эмес, деген гана жооптуу берүүдө.

Ортодо Кербендин депутаттары айтып жаткан протокол жасалма экени тууралуу маалымат чыккан, бирок мунун чын-төгүнү тууралуу да азырынча расмий жооп жок. (RK)

XS
SM
MD
LG