Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

Брюсселде Казакстан - Евробиримдик кызматташтыгы талкууланды


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Брюсселде Европа комиссиясынын президенти Жан-Клод Юнкер менен жолугушту. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып казак лидери ортодо толук түшүнүү бар экенин айтты.

- Албетте, биз аймактагы саясат тууралуу, Украинадагы проблемалар, Орусияга карата киргизилген санкциялар, алардын бизге тийип жаткан олуттуу таасири тууралуу сүйлөштүк. Соңунда бул маселелер боюнча Европага да, Орусияга да, Казакстанга да пайдалуу чечимдерди чогуу иштеп чыгуу тууралу макулдаштык.

Ошону менен катар казак жарандары үчүн Европага визалык режимди жөнөкөйлөтүү өтүнүчү айтылганы маалымдалды.

Назарбаев Казакстандын негизги шериктери деп Орусияны жана Кытайды атады. (RK)

XS
SM
MD
LG