Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Нарын шаарынын суу түтүктөрү жаңыланат


Нарын шаарынын калкынын дээрлик жарымын суу менен камсыз кылуучу “Ак-Бечел” суу бөлүштүргүч жайынан шаарга чейин туташкан суу түтүктөрү алмаштырылат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов билдирди. Анын айтуусунда, түтүктөрдү жаңылоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 366 миллион сом бөлүнгөн. Алмаштыруу иштерин күз айларына бүтүрүү пландалууда.

Шаар мэри Рахат Адиевдин ырасташынча, бул каражат Бишкек-Торугарт автожолунун астында жайгашкан түтүктөрдү алмаштырууга гана жетет. Ал эми шаардын ичиндеги түтүктөр келерки жылы Европа өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен 500 миллион сомго алмаштырылат.

Аталган суу бөлүштүргүч жайдын түтүктөрү мындан 80 жыл мурда салынган. Учурда анын эскилиги жеткендиктен шаардыктарга бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келет. (MiK)

XS
SM
MD
LG