Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:50

Ош шаардык ИИБ кызматкерлери Ош облустук ооруканасынын дарыгерин 6 миң сом алып жаткан жеринен кармашты. Милициядан маалымдашкандай, буга Кара-Суу районунун тургунунун арызы негиз берген. Арызда дарыгер ооруканага жатып, дарыланганы үчүн 12 миң сом талап кылып жатканы тууралуу айтылган. Арыздын негизинде кылмыш иши козголуп, дарыгер акчанын жарымын алып жаткан жеринен кармалган.

Ооруканага жатып дарыланганы үчүн оорулуулардан акча талап кылынган учурлар өлкөнүн дээрлик бардык ооруканаларында кездешүүчү көрүнүш экени айтылып келет. Коомчулук тарабынан көбүнчө мындай аракеттерге көз жумду мамиле кылынат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG