Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:30

Кыргызстанда төрт жылда 62 жоокер набыт болгон


Аскерде каза тапкан Нурсултан Карагулов. 10-июнь, 2015-жыл.

Аскерде каза тапкан Нурсултан Карагулов. 10-июнь, 2015-жыл.

Анын ичинен 70% суицидге барган. Бул тууралуу ЖК депутаты Руслан Казакбаев парламентте билдирди. Депутат эч кандай согуштук аракеттери жок, тынч мезгилде жашап жаткан өлкөдө неге мынча көп аскер өлүп жатканына таңданды:

-Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетине акыркы эки жылда эле 1488 арыз кат келип түшсө, алардын көпчүлүгү аскердеги командирлердин мыйзамсыз аракеттерине нааразы болуп жазылган.

Руслан Казакбаев аскер реформасы жүргүзүлүп жатат деп айтылганы менен, көрүнүктүү иш жасалбаганын сынга алды.

2015-жылы ЕККУ Кыргызстандагы аскер тармагында жүргүзгөн иликтөөлөрүндө бир аскерге тамак-аш үчүн күнүнө 60 сом бөлүнөрү айтылган. Ал эми абакта жаткандардын бир күндүк тамак-ашына 86 сом бөлүнөт.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG