Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:54

Талас: Кылмыш иштин күбөсү асынып өлдү


Талас районунун Козучак айылынын тургуну Анарбеков Азамат 30-мартта үйүнүн короосуна асынып алган. Жакындары анын өлүмүнө жергиликтүү милиция тергөөчүсүнүн күнөөсү бар экенин айтышууда. Азаматтын келинчеги Дуулатбек кызы Уулжандын айтымында, ал бир ай мурун төө буурчак уурдоо боюнча ачылган кылмыш ишке күбө катары киргизилген:

-Көп өтпөй, Талас райондук ички иштер бөлүмүнөнмүн деген тергөөчү Азаматтан бир нече жолу акча, азык-түлүк алдырткан. Мурдагы күнү иш бөлмөсүнө чакыртып алып, коркутуп-үркүтүп, “мен уурдагам” деген тил кат жаздырып алыптыр. Азамат ошол жактан эле, “мен эми ууру болуп калдым, элге уят, мени эч ким эми куткара албайт” деп кейип келген болчу. Кечээ ишке кетсем өзүнө кол салыптыр.

Жакындарынын айтуусунда, Азамат базарда велосипед тетиктерин, келинчеги бут кийим сатып иштешчү. Колу бош учурда таксист болуп иштеген. Туугандары Азаматты кысымга алып, өлүмгө жеткирди деген жүйө менен тергөөчүнү жоопко тартууну талап кылышууда.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма-сөз катчысы Максат Абдысейитов учурда окуя боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. (SS)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG