Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Мышыктын заңы акыл ооруларына алып барат


Мышык.
Мышык.

Мышыктын заңындагы токсоплазма зыян курту адамдын мээсиндеги тең салмактуулукту бузуп, депрессия, ачуулануу жана агрессияга алып барарын Чикаго университетинин окумуштуулары ырастап чыгышты. Окумуштуулар мышыктын заңы турган кум же топурак сыяктуу каражаттарды узак убакыт үйдүн ичине койбоого чакырышууда.

Акыркы мезгилде Америка Кошмо штаттарында өнөкөт депрессия, биполярдык акыл оорусу жана шизофернияга чалдыккандардын саны 16 миллион адамга жетти. АКШнын оорулардын алдын алуу боюнча департаменти бул калың катмарды изилдеп көрүшүп, алардын көбүнүн үйүндө мышыгы бар экени аныкталган.

Токсоплазма зыян курттары адамдын иммундук системасын да талкалайт. (BCh)

XS
SM
MD
LG