Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Казакстан ЕБ менен экономикалык байланыштарын чыңдоодо


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен Еврокомиссиянын жетекчиси Жан-Клод Юнкер.
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен Еврокомиссиянын жетекчиси Жан-Клод Юнкер.

Евробиримдик менен Казакстандын шериктештик боюнча былтыр декабрда кол коюлган келишими 1-майдан тарта күчүнө кирип, ортолук экономикалык кызматташтык күчөй баштайт. Бул тууралуу казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Брюсселдеги иш сапары учурунда айтылды. Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер казак президенти менен жолугушууда аны Казакстанда адам укуктарын сактоого чакырды. 29-мартта Бельгияга барган Назарбаев Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен кездешип, Брюсселде 22-мартта болгон террордук чабуулдардын курмандыктарын эскерүү чарасына да катышты.

Украинадагы кризиске байланыштуу Орусия менен Батыштын мамилеси начарлап кеткендиктен Казакстан Орусия менен да, Евробиримдик менен да жакшы мамиледе болууга умтулууда. Өлкө экономикасы кошуна Орусиядан көз каранды.

XS
SM
MD
LG