Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:54

АКШ министри санкциялар долларга доо кетиришин эскертти


АКШнын каржы министри Жек Лью украиналык кесиптеши Наталья Ярошко менен.
АКШнын каржы министри Жек Лью украиналык кесиптеши Наталья Ярошко менен.

АКШнын каржы министри Жек Лью экономкиалык санкцияларды чектен тыш сала берүү Кошмо Штаттардын экономикасына зыян тийгизип, башка өлкөлөр долларга дүйнөлүк резервдик валюта иретинде кароосунан баш тартууга алып келиш ыктымалдыгын айтып чыкты. Бул тууралуу ал эл аралык бейпилдикти колдоо боюнча Карнеги фондунда билдирди.

АКШ бийлиги Иранга, Орусияга, Түндүк Кореяга жана терроризм менен маңзат соодасына байланышы бар бир канча уюмга санкция салган.

Министр Жек Лью "санкцияларды чектен тыш колдоно берүү өлкөнүн дүйнөлүк экономикадагы жетекчилик ролуна жана ошол санкциялардын өзүнүн таасирдүүлүгүнө зыян келтириши мүмкүн", деди.

XS
SM
MD
LG