Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

Аксылык активист Шекербек Камчыбеков бийлик тарабынан да, милиция тарабынан да коркутуулар болуп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, 29-30-март күндөрү УКМКнын облустук бөлүмүнө чакырып суракка алышкан:

-Эки күн суракта болуп кечээ келдим. Алар менден “Асанов менен Кадыровду кандай тааныйсың? Бийликти басып алалы, деген оюңар болду беле?” деп сурашты. Болгонун болгондой айтып бердим. Мага ортодон абакта отуруп чыккандарды да жиберип, коркутуп атышат. Алар түптүз эле “өлөсүң” деп айтышты.

Шекербек Камчыбеков буга чейин социалдык маселелер боюнча Аксыда өткөн митингдердин демилгечиси болчу.

Камчыбековдун бул билдирүүсүн жергиликтүү бийлик четке кагууда. Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Момуналы Добулбеков милиция тарабынан эч кандай кысым болбогонун “Азаттыкка” билдирди.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG