Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:53

Вашингтондо ядролук коопсуздук саммити ачылганы жатат


АКШдагы саммитке келген Украинанын президенти Петр Порошенкону тосуп алуу аземи.
АКШдагы саммитке келген Украинанын президенти Петр Порошенкону тосуп алуу аземи.

АКШ баш калаасында бүгүн ядролук коопсуздук боюнча эки күндүк саммит ачылат. Анын күн тартибинде Түндүк Кореянын ядролук программасынын кооптуулугуна жана "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун өзөктүк куралга ээ болуу мүмкүндүгүнө байланышкан маселелер каралары кабарланууда. Саммитке элүү чакты өлкөнүн жетекчилери менен өкмөт башчылары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Украинадагы жагдай жана башка айрым эл аралык маселелер боюнча Батыш өлкөлөрү менен мамилеси начарлаган Орусия бул ирет жыйынга өкүлдөрүн жиберген жок.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Бен Рожес бүгүн башталчу жыйында ядролук курал террорчулардын колуна түшүп калуусунун алдын алуу жана "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөштү күчөтүү жолдорун талкуулоого көбүрөөк көңүл буруларын билдирди. Анын сөзүнө караганда, мындай саммит алгач ирет өткөн 2010-жылдан бери ядролук куралдарды коопсуздандырууга байланышкан иште жылыштар байкалып, анын ичинде Украина менен Чилини кошкондо 14 өлкөдө өзөктүк материалдарды азайтуу же жоюу жүзөгө ашкан.

Эки жылда бир чакырылчу дүйнөлүк жыйын быйыл төртүнчү жолу өткөнү турат.

XS
SM
MD
LG