Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

Нобель сыйлыгынын ээси, венгер жазуучусу Имре Кертес дүйнө салды


Нобель сыйлыгынын ээси, кара сөздүн чебери Имре Кертес

Нобель сыйлыгынын ээси, кара сөздүн чебери Имре Кертес

Будапештте Нобель сыйлыгынын ээси, кара сөздүн чебери Имре Кертес узакка созулган оорудан оңоло албай, бүгүн 86 жаш курагында дүйнө салды. Будапештте 1929-жылы туулган жазуучу учурунда Освенцим концлагериндеги азаптан аман чыккан. Анын алгачкы романы 1975-жарыяланып, Венгрияга демократия орногон 1980-жылдардын этеги ага атак алып келген.

2002-жылы ал Нобелдин адабият боюнча сыйлыгын жеңип, мындай мартабалуу сыйлыкка татыган алгачкы венгер жазуучусу болгон. Бул сыйлыкты ыйгаруудагы расмий маалыматта "Кертестин чыгармалары XX кылымдагы Европа тарыхын талкуулоого манилүү салым кошкону" айтылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG