Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Штайнмайер Кыргызстанга иш сапары менен келди


Германиянын тышкы иштер министри, ЕККУнун азыркы төрагасы Франк-Вальтер Штайнмайер Бишкекке келди. Ушул тапта ал президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, аталган уюмдун алкагында кызматташтыкты талкуулап жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен “Азаттыкка” билдиришти. Жолугушууда террорчулукка каршы күрөшүү, аймактагы мамилелер, чек ара жана ЕККУ алкагындагы экономикалык кызматташтык маселеси ортого салынары буга чейин кабарланган.

1-апрелде ал өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен кезигет. Штайнмайердин Борбор Азия чөлкөмүнө сапары 29-мартта Өзбекстанда башталган. Анда расмий Ташкен менен регионалдык жана эл аралык кызматташтык маселелери көтөрүлдү. Кыргызстандан кийин Штайнмайер Тажикстанга сапар тартат.

Быйыл ЕККУга Германия төрага болууда. (NT)

XS
SM
MD
LG