Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Штайнмайер: Кыргызстан шайлоо өткөрүү жагынан коңшуларга үлгү боло алат


ЕККУ төрагасы Франк-Валтер Штайнмайер Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети менен жолукту
ЕККУ төрагасы Франк-Валтер Штайнмайер Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети менен жолукту

Бишкекке иш сапар менен келген Германиянын тышкы иштер министри, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) азыркы төрагасы Франк-Валтер Штайнмайер бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин депутаттары менен жолукту.

Комитет төрагасы Алмазбек Баатырбеков Кыргызстан менен ЕККУнун ортосунда кызматташтык ырааттуу өнүгүп келатканын айтып, өлкөдө парламентаризмди жайылтуу багытында көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн ыраазылык билдирди.

Ал ошондой эле былтыркы парламенттик шайлоо алгачкы жолу биометрикалык каттоонун негизинде уюштурулгандыктан бул жараянды ачык, таза өткөрүүгө мүмкүнчүлүк ачылганын билдирди.

Өз кезегинде Ф-В.Штайнмайер Кыргызстан демократиялык өнүгүү жолуна түшкөнү бул багытта ишенимдүү баратканын белгиледи жана "Кыргызстандын шайлоо өткөрүү тажрыйбасы башка КМШ өлкөлөрүнө жана Борбор Азия аймагына үлгү боло аларын" кошумчалады.(RK)

XS
SM
MD
LG