Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

Брюссель аэропорту элди тейлөөгө даяр


Бельгия -- Брюссель террордук чабуулдан кийин, 23-март, 2016.
Бельгия -- Брюссель террордук чабуулдан кийин, 23-март, 2016.

22-марттагы террордук чабуулдардан жабыркаган Брюссель аэропорту ишин жандантууга техникалык жактан даяр. Бирок жүргүнчү каттамдар 1-апрелдин кечине чейин учпайт. Аба майдан өз сайтына Бельгия жарандык авиациясы менен өрт өчүрүү кызматы 29-марттагы ири сыноодон кийин ишти жандантууну жактырганын жарыялады. Бирок бул үчүн бийликтегилер расмий чечим кабыл алышы шарт.

22-мартта аэропорттун учуу залында эки жанкечти террорчу өзүн жардырып жиберген. Ага удаа калаадагы метродо жардыруу болуп, жалпысынан бул удаама-удаа жардыруулар 30дан ашуун өмүрдү кыйган. Бул чабуул үчүн "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алган.

XS
SM
MD
LG