Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

Түркиянын Диярбакыр шаарында полицияга чабуул жасалды


Диярбакырдын Баглар району. 17-март, 2016-жыл.
Диярбакырдын Баглар району. 17-март, 2016-жыл.

Негизинен күрттөр байырлаган бул шаардагы жардыруудан кеминде төрт полициячы мерт болуп, дагы он төртү жаракат алды. Түркиянын Dogan маалымат агенттиги полиция кызматкерлери түшкөн автобустун жанында бомбаланган автоунаа жардырылганын жазып чыкты. Агенттик түрк бийликтери бул чабуул үчүн күрт козголоңчуларын айыптап жатканын да кабарлады.

Диярбакыр соңку жылдары тыюу салынган Күрт жумушчу партиясынын согушкерлери менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы тирештен жапа чегип келет. Аталган уюм өткөн жумада да бул шаарга жакын аскер бекетиндеги үч адамдын өмүрүн алып, 24 аскерди жаракат кылган жардыруу үчүн жоопкерчилик алган.

Анкара бул аймакта тирешүү күчөгөн 2015-жылдан бери коопсуздук күчтөрүнүн үч жүздөй кызматкеринен айрылганын айтууда. Тыюу салынган Күрт жумушчу партиясынын козголоңчулары күрт автономиясын түзүү талабы менен колуна курал алган 1984-жылдан берки уруштардан 40 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG