Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:59

Кыргызстан ЕККУнун алкагында Ооган изилдөө борборун түзүүнү сунуштоодо


Франк Вальтер Штайнмайер менен Алмазбек Атамбаев.

Франк Вальтер Штайнмайер менен Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасы, немис кесиптеши Франк-Вальтер Штайнмайер менен кездешүүдө Бишкектеги ЕККУ академиясынын базасында Ооганстанды изилдөө борборун негиздөө демилгесин көтөрдү. Тараптар Кыргызстан менен аталган уюмдун алакасын жана болочоктогу кызматташтыкты, эл аралык, аймактык коопсуздукту, расмий Берлин менен Бишкектин дипломатиялык карым-катышын талкууга алышты.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев сүйлөшүүлөрдүн соңундагы маалымат жыйында билдиргендей, немис тарап 2015-жылдагы парламенттик шайлоону Кыргызстан ийгиликтүү өткөргөнүн белгиледи. Андан тышкары добуш берүүлөргө ЕККУ оң баа бергенин, эл аралык байкоочулар тарабынан ачык-айкын өттү деп табылганы эске салынды. 31-мартта Кыргызстан менен ЕККУнун ортосунда уюмдун академиясынын мындан аркы ишмердүүлүгү тууралуу меморандумга кол коюлду. Анын алкагында Ооганстанды иликтөө борборун түзүү сунушталды. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG