Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

Кремль "Путинге жакын аялдар" тууралуу маалыматты текшербейт


Владимир Путин гимнаст Алина Кабаева менен. Москва, 8-июнь, 2001-жыл.
Владимир Путин гимнаст Алина Кабаева менен. Москва, 8-июнь, 2001-жыл.

Кремль Reuters агенттигинин макаласындагы ишкер Григорий Баевский президент Путинге "жакын мамиледеги" аялдарга кыймылсыз мүлк тартуулаганы тууралуу маалыматтарды иликтебейт. Бул тууралуу билдирген орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков ал макаланы жарыяланары күн мурун белгилүү болгон маалыматтардын бир бөлүгү деп атады.

Анда Путиндин кенже кызы Катерина Тихонова, орус медиасы "Путин мене байланышы бар" деп сыпаттаган гимнаст Алина Кабаевага жакын тууган эки аял жана 2012-жылы Путиндин туулган күнүнүн урматына календарга сүрөткө түшкөн студент Алиса Харчева тууралуу сөз жүрөт. Макалада жазылганга караганда, ишкер бул үч аялга кымбат баа кыймылсыз мүлктү саткан же тартуулаган: Баевский 2013-жылы Москванын чет жакасындагы Успенскийдеги үй менен жерди Алина Кабаеванын 81 жаштагы чоң энеси Анна Зацепинага берген, 2009-жылы Алина Кабаеванын сиңдиси Ляйсан Кабаевага батир ыроологон, андан соң Москвадагы дагы бир батирди Алиса Харчеванын ысмына ыйгарган.

Ишкер ошондой эле Путиндин кызына бир жаңы компаниясын өткөрүп берген. Расмий маалыматка караганда Баевский теңшериктикте ээлик кылган компания соңку эки жылда мамлекеттик курулуш тармагында 6 миллиарддай рубль (88 миллион доллар) киреше тапкан.

Transparency International уюмунун орусиялык бөлүмүнүн баш директору Антон Поминов бул маалыматтарда азырынча коррупциялык аракеттер далилденген деп айтууга эрте экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG