Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:17

Кыргызстан БУУда өткөн «Жибек жолу-2030» симпозиумуна катышты


Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында түрк тилдүү мамлекеттердин алгачкы симпозиуму өттү. «Жибек жолу - 2030» деген аталыш менен жүргөн жыйын эл аралык Түрк академиясы, ТҮРКСОЙ уюму жана Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн демилгеси менен уюштурулду.

Ага белгилүү дипломаттар, окумуштуулар, коомдук ишмерлер чогулду. Кыргызстандан симпозиумдун ишине профессор Осмонакун Ибраимов катышты.

Жыйындын катышуучулары «Жибек жолу» деген бул жаңы долбоор Чыгыштан Батышка чейинки Евразия континентиндеги соода-сатык жолдорун гана бириктирбестен, экономикалык, саясий жана маданий байланыштарды бекемдөөгө шарт түзөрүн баса белгилешти. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG