Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:53

Мамкаттоо кызматында «Санжыра» системасы ачылды


Мамлекеттик каттоо кызматында бүгүнтөн тарта «Санжыра» системасы иштей баштайт. Өлкөдөгү бардык окуучулар тууралуу маалымат санарип форматка өткөрүлүп, бирдиктүү базага киргизилет. Жалпысынан 1 миллиондон ашуун мектеп окуучусунун өзү жана ата-энеси тууралуу маалыматты чогултуу каралууда.

Андан соң ар бирине жеке идентификациялык номур ыйгарылат.

Кийин ал номур боюнча паспорт жана башка каттоо документтерин алуу процесси жеңилдейт.

Ошону менен катар, ар бир жарандын ата-теги, санжырасы тууралуу маалыматты камтыган өзүнчө бирдиктүү система калыптана баштайт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG