Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Гаага соту Воислав Шешелди актады


Бириккен Улуттар Уюмунун трибуналы сербиялык улутчул саясатчы Воислав Шешелди актаган өкүм чыгарды. Бул чечим сот өкүмүн дээрлик он жылдан бери күтүп жүргөн хорваттар жана босниялыктардын арасында ачуулануу жана нааразылык жаратууда. Шешель 1990-жылдардагы Балкан согушу учурундагы кылмыштарга шектелип жаткан.

Кечээ Гаага сотунда сот өкүмү угузулуп жаткан жерге Шешель өзү барган жок. Судья Жан-Клод Антонетти “ал эми эркин адам” деп билдирди.

Сербиянын мурдагы президенти, маркум Слободан Милошевичтин тушунда өкмөт башчынын орун басары болуп турган Шешелге Хорватия, Босния жана Герцеговинадагы “этникалык тазалоо”, аскердик кылмыштар боюнча айыпталып жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG