Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

Кореяда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктар үчүн миграциялык мунапыс башталды


Корея республикасында мыйзамсыз жашап жүргөн кыргызстандыктар үчүн бүгүнтөн тарта миграциялык мунапыс берүү жараяны башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Алдыдагы алты ай ичинде, 30-сентябрга чейин каалоочулар Кыргызстанга келип, кайра Кореяга кирсе болот. Аларга карата кандайдыр бир санкциялар колдонулбайт, депортация болбойт, иш берүүчүлөрү да жоопко тартылбайт.

Бишкектеги корей элчилигинен жаңы виза алгандан кийин кайрадан Кореяга мыйзамдуу жол менен барып ишин улантса болот.

Бул үчүн мыйзамсыз мигранттар Миграция кызматынын Инчхон аэропортундагы өкүлчүлүгүнө кайрылуусу шарт.

Ушу тапта Корея республикасында миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк жарандарды кармоо, аларды жана иш берүүчүлөрүн жоопко тартуу жараяны жүрүп жатат.

Айрым маалыматтарга караганда, Кореяда 1,2 миңдей кыргыз мыйзамсыз жашап жүрөт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG