Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:07

ЕККУ төрагасы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту


Германиянын Тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер.

Германиянын Тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер.

Жолугушуу Бишкекте бүгүн эртең менен өткөнүн “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова “Азаттыкка” кабарлады. Анда адам укуктары боюнча Кыргызстандагы абал, сөз эркиндиги, эркин жыйындарды өткөрүү, июнь окуясынын кесепеттерин жоюу, чек ара коопсуздугу тууралуу пикир алмашуу болгон.

Германиянын тышкы иштер министри, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанда 31-мартта Борбор Азияга сапарынын алкагында келген. Кечээ президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, тышкы иштер министри менен кыргыз-немис кызматташтыгын мындан аркы өнүктүрүү, чөлкөмдөгү коопсуздук, диний экстремизм, террорчулукка биргелешип күрөшүү, соода-экономикалык алака, демократияны чыңдоо багытындагы карым-катышты талкуулады.

1-апрелде Штайнмайер Кыргызстандагы сапарын жыйынтыктап, Тажикстанга жол тартты. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG