Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Ара төрөлгөн балдардын жашоо үчүн күрөшү


Кыргызстанда соңку жылдары ара төрөлгөн балдардын саны өсүүдө. Адистердин айтуусунда, мындай балдардын салмагы канчалык көбүрөөк болсо, алардын адам болуп кетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору. Ал эми өтө аз салмакта көз жарган муштумдай ымыркайлардын көбү бир жашка чыкпай чарчап калууда.

Сары ооз балапандай үлпүлдөгөн, жупжука, салмагы 600 граммдан бир жарым килограммга араң жеткен балдарды багуу түйшүгү оңой эместигин айтат Бишкектеги Эне-бала борборунда медайым болуп иштеген Мээрим. Бул жердеги кызматкерлер ар бир баланын дем алып, көз ирмеп, кыбырап-кыймылдаганына көз салып, күнү-түнү күзөттө турушат.

Бала бир аз салмак кошуп, өз алдынча дем алуусу жакшырып калган убакта инкубатордон чыгарылып, эненин колуна берилет. Ысык-Көлдөн келген Айжанды боюндагы баласы алты ай болуп калганда бөйрөк оорусу күчөп кетип, эрте төрөтүүгө туура келген. Тун уулун төрөгөн келин алгачкы ирет баласын көргөндө кичинекейлигинен аны ороп чулгамак түгүл кол тийгизгенден коркуп заарканганын, эми гана бир аз көзү көнүп баратканын айтат.

- Ара төрөлгөн балдар аба ырайына окшош, бат эле өзгөрө беришет. Туруп-туруп эле жамгыр жаап жиберген учур болот эмеспи. Ошондой болуп, бат эле дем ала албай калат, же жүрөгү токтоп калат, же сүт ичпей калат, же салмагы дароо түшүп кетет. Кээде бат эле үшүп чыгышат. Булар тарс-турс эткен майда-чүйдө үндөргө да реакция кылышат. Анан булар ар бир үч саат сайын зонт менен сүт ичишет. Мисалы, убагы келгенде, саат алты болгондо баары кадимкидей эле убактысын билип тамак сурап, бир убакта ыйлап киришет. Анан бизден чыгып, үйүнө кеткенде сарсанаа болуп, сурап телефон чалган күндөрүбүз болот. Кээде балдарды аябай жакшы көрүп, көтөрүп, эч ким жокто кыздар менен сүрөткө түшөбүз. Менин андай сүрөттөрүм көп. Анан энеси келгенде билмексен болуп балдар тарапты карабай калабыз. Анткени апасы "менин балама эле мынча эмне жармашып жатат" дегендей кызганат. Айрымдары болсо, тескерисинче, "эмнеге менин баламды мынча жакшы карашпайт" деп даттанышат. Бул жакта балдар көп. Алардын апалары кандай санаа тартса, биз дагы ошондой кайгырабыз. Ушул бала жакшы болуп чыгып кетсе экен дейбиз. Анан чыгып кеткен бала кайра текшерүүгө келгенде карайбыз. Жакшы карап жатабы же жокпу дегендей. Анткени кээде сонун кылып багып жакшынакай кылып алып кетсе, кайра ооруп калышат. Ар кимдин үй шарты ар кандай да. Бул инкубатор бөлмөсүндө жылуу, бардык шарттар түзүлгөн. Аппараттар алардын кыбыр эткенинин баарын эсептеп, көрсөтүп турат.

- Балам жети айга да жетпей, алты жарым ай болуп төрөлдү. Бөйрөгүмүн басымы көтөрүлүп, операция жолу менен төрөдүм. Башында аябай корктум. Мен мындай балдарды такыр эле көргөн эмесмин. Кичинекей болсо да үнүн чыгарып ыйлайт, бирок үнү акырын чыгат. Курсагы ачканда боорундагы чапталган зонтун соруп кирет. Көзүн ачып, билдирип ыйлайт. Бир нерсе тарсылдап кетсе, көзүн ачат, угат. Ар бир үч саат сайын дене табын ченеп турабыз. Башында көнбөй жатканбыз. Эми көнүп калдык. Кайненем көрдү. Өтө эле кичинекей болгон үчүн эч кимге окшоштура албай коюшту окшойт.

Эне-баланы коргоо борборунун ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы Сагын Абдувалиеванын айтуусунда, бүгүнкү күндө жыл сайын өлкөдө 150-160 миң бала төрөлсө, анын ичинен 6-8 пайызы ара төрөлгөн балдар болуп эсептелет. Алардын ичинен 800 бала 1000 граммдан 1500 граммга чейинки салмакта төрөлүп, алардын 70 пайызы тыңып кетет.

- Мисалы, өнүккөн мамлекеттерде үй-бүлө балалуу болуш үчүн беш-алты жыл мурда даярдык көрө баштайт. Алар эң жөнөкөй эле чылым чеккенди таштайт, ичкиликти ичпейт, машине айдабай, жөө басышат.
Дарыгер Сагын Абдувалиева

Кыргызстанда 2004-жылдан тарта салмагы 500 гр, боюнун узундугу 25 см кызыл эт ымыркайды дагы бала деп таануу чечими кабыл алынган. Анткен менен, жылына төрөлгөн мындай салмактагы 350-500 баланын ичинен бир жашка чейин болгону беш-ону гана жашап кете алат. Калгандары төрөтканадан чарчап калат, айрымдары чоңойсо дагы оорукчан же майып болуп калышат.

Сагын Абдувалиева ушул тапта алардын бөлүмүндө 6 ай бир аптада 600 грамм салмак менен төрөлгөн ымыркай бир айдан бери багылып жатканын, салмагы араң 900 граммга жеткен бала азыр тамак сиңире албай, жашоо менен күрөшүп жатканын айтат.

- Ушу ичегисинде дагы тубаса кемтиги бар. Анткени бала 2-3 граммдан ашык сүт иче албай жатат. Энесинин дагы сүтүн иче албайт, ичсе курсагы көөп кетет. Анан атайын даярдалган тамакты берип жатабыз. Азыр баланын организмине эмне керек болсо - май, белок, бардык нерсе тамыры аркылуу берилип жатат. Бул бала азыр төрөлбөш керек эле да. Энесинин ичинде дагы үч ай жатып, керектүүнүн баарын алышы керек эле. Азыр буга жатында жүргөндөй шарт түзүш керек. Апасынын сүтүн иче албагандан кийин ал бул жакка жаткан жок. Күнүгө келип-кетип карап жүрөт. Негизи баланын салмагы канчалык чоңураак болсо ошончолук ал бат көтөрүлүп, кадимки балдардай эле чоңоюп кетет. Бирок салмагы өтө эле аз балдардын өмүрүнө кепилдик берүү өтө кыйын.

- Ара төрөлгөн балдар аба ырайына окшош, бат эле өзгөрө беришет. Туруп-туруп эле жамгыр жаап жиберген учур болот эмеспи. Ошондой болуп, бат эле дем ала албай калат, же жүрөгү токтоп калат, же сүт ичпей калат, же салмагы дароо түшүп кетет.
Медайым

Адис көздөрү жылтырап, айы күнүнө жетпей балдардын төрөлүшүнүн бир нече себептерин белгилейт. Соңку кездери балалуу боло албай, жасалма уруктандыруу - ЭКО ыкмасын пайдаланган аялдар наристесин тогуз айга жеткире албай калган учурлары каттала баштаган. Мындан тышкары ата-эненин жыныс оорулары, эненин кан басымынын жогорулашы, аз кандуулук, жашы жете элек секелек кыздардын төрөтү көйгөй жараткан факторлор болуп саналат.

- Мисалы, өнүккөн мамлекеттерде үй-бүлө балалуу болуш үчүн беш-алты жыл мурда даярдык көрө баштайт. Алар эң жөнөкөй эле чылым чеккенди таштайт, ичкиликти ичпейт, машине айдабай, жөө басышат. Ден соолугуна жакшы кам көрүп, кайсы бир оорусу болсо, ошону дарылап туруп анан бала жөнүндө ойлонушат. Биздин мамлекетте өтө жаш куракта үй-бүлө кургандар көп. Азыр 16 жаштан ылдый, мектеп жашында төрөгөндөр болууда. Эми ошол үй-бүлө өзүнүн келечегин ойлосо. Анткени ара төрөлгөн бала кийин оорулуу же майып болуп калышы мүмкүн. Мамлекеттин көзөмөлүндө болуп турат дечи, бирок алар ата-эненин өзүнө эле чоң түйшүк, кыйынчылык жаратат, өзү да кыйналат.

Салмагы өтө аз төрөлүп калган балдар медицинанын жардамы менен ирденип кеткен убакта дагы алардын басымдуу бөлүгү ар кандай илдеттерге кабылып, тышкы коркунучтардын алдында алсыз болушат. Алар негизинен неврология жактан жана өпкө ооруларына бат кабылып, инфекциялык ооруларга туруксуз келет. Ара төрөлгөн балдарга беш жашка чейин мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында тийиштүү дарылар берилип турат. Бирок алардын арасында кээ бир зарыл кымбат дарылар болбой калат. Мындай учурларда кайрымдуулук фонддору кол сунган учурлар бар.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG