Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Түркияда орусиялык учкучту өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды


Орусиялык учак атып түшүрүлгөн жердеги куралдуу топтун өкүлдөрү. 24-ноябрь, 2015-жыл.
Орусиялык учак атып түшүрүлгөн жердеги куралдуу топтун өкүлдөрү. 24-ноябрь, 2015-жыл.

Түркияда орусиялык учкуч Олег Пешковду өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Пешков 2015-жылдын 24-ноябрында түрк аскер аба күчтөрү тарабынан атылган учагынан секирип кеткен болчу.

Парашютчан түшүп келаткан учкучту атканын Алпарслан Челик аттуу жаран моюнга алганын орусиялык маалымат каражаттары кабарлашты.

Түркиялык “Хуррийет” гезити шаршембиде Измир шаарындагы ресторандардын биринде 14 киши кармалганын жазды. Алар Сирия президенти Асадга каршы күрөшкөн достор экени, арасында Алпарслан Челик да болгону маалымдалат.

Полиция ресторанга "куралчан кишилер жүрөт" деген жашырын телефон чалуудан кийин барган. Кармоо учурунда шектүүлөрдөн Калашников автоматы, эки тапанча жана көптөгөн октор алынган.

Түркия-Сирия аба чегинде орусиялык учактын атылышы Москва-Анкара мамилелерин кескин сууткан. Орусия андан кийин Түркияга бир катар санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG