Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:20

Түндүк Корея дагы ракетасын учурду


Түндүк Кореянын жакынкы аралыкка учуучу ракетасы.

Түндүк Кореянын жакынкы аралыкка учуучу ракетасы.

Түндүк Корея Жапон деңизине кыска аралыкка кетчү “жер-аба” ракетасын учурду. Ал 100 чакырымдай учканын Түштүк Кореянын аскер өкүлдөрү билдиришти.

Акыркы он күндө Түндүк Корея ушуну менен үчүнчү ракетасын учурду.

Ушул жылдын март айынын башында Түндүк Кореянын жетекчиси Ким Чен Ын өзөктүк куралдар боюнча аскер күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирүүнү буйруганы мамлекеттик кабар агенттиги жана теле көрсөтүүлөр аркылуу жарыяланган.

Акыркы ракета учурулушунан бир нече саат мурда Түштүк Корея, Жапония жана АКШ лидерлери Пхеньян чагымчылдыкты токтотушу керектигин эскертишкен. Эгер андай болбосо бул өлкөгө карата санкциялар күчөтүлө турганы айтылган.

Вашингтондо өтүп жаткан өзөктүк коопсуздук боюнча жолугушууда үч өлкө бири-биринин коопсуздугун чогуу коргой турганын бышыкташкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG