Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:11

ЕККУ төрагасы Тажикстанга келди


ЕККУ жетекчиси, Германиянын Тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер.

ЕККУ жетекчиси, Германиянын Тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрагасы, Германиянын Тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Тажикстанга келди. Ал президент Эмомали Рахмон менен жолугууда.

Штайнмайер Борбор Азияга үч күндүк сапарга чыккан.

Ал алгач Өзбекстандан башталып, кечээ Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен да жолуккан. Анда тараптар аймактык жана эл аралык маселелерди, Кыргызстандагы демократиялык институттардын өнүгүүсүндөгү ЕККУнун ролун талкуулашты.

Сапар алдында Штайнмайер Борбор Азияны “жалпы стабилдүүлүккө коркунуч келтире турган стратегиялык маанидеги аймак” катары сыпаттаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG