Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Крымда орусиячыл телеканал иштей баштады


Крымда орусиячыл “Миллет” телеканалы иштей баштады. Орусия Крымды аннексиялагандан кийин аймактагы крым татарлардын көз карандысыз маалымат каражаттары жабылган болчу.

Крым өкмөт башчысынын орун басары Руслан Бальбектин айтымында, “Миллеттин” максаты - “антиорусиялык пропагандага” каршы туруу.

Өткөн жылы августта телеканалды каттоо учурунда ал “кремлдик пропаганданын” куралына айланарын айтып, крым-татар коомчулугу каршы болгон. Ага карабай, телеканал сентябрда сыноо иретинде иштеген.

Программалар орусиялык “Ямал 401” спутниги аркылуу Орусия, Украина, Борбор Азия жана Түркияда көрсөтүлөрү күтүлүп жатканын “Миллеттин” директору Сейран Мамбетов билдирди.

Бир жыл мурда орусиячыл Крым бийлиги ATR крым-татар телеканалын, ага кошуп бир нече ММКны жапкан.

АКШ, Евробиримдик, ЕККУ жана Amnesty International муну крым татарларын куугунтуктоо деп атаган.

XS
SM
MD
LG