Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

Орусия Чыгыш Европадагы НАТО аскерлеринин, анын ичинде Орусия чек араларына жакын жерлерде АКШ аскерлеринин орун которуштурууларына тиешелүү жообун берет. Мындай билдирүүнү 31-мартта НАТОнун алдындагы Орусиянын туруктуу өкүлү Александр Грушко жарыя кылды.

Анын ырасташынча, НАТО Европадагы аскердик таасирин арттырууга киришти.

- Биздин жообубуз биздин аскердик коркунуч тууралуу түшүнүгүбүзгө жараша, ири чыгымга алып келбеген, бирок, болушунча натыйжалуу болот. Биз кайдыгер байкоочу эмеспиз. Бул жүйөсүз күчөгөн аскердик таасирге жооп берүү үчүн зарыл болгон бардык аскердик аракеттерди көрөбүз, - деп билдирди Грушко “Россия-24” телеканалына берген маегинде.

Орусия НАТОнун мындай аракети Чыгыш Европада аскер күчтөрүн жайылтпоо тууралуу Орусия менен Түндүк Атлантика аскердик альянсынын 1990-жылдары кол койгон келишимин бузууга алып келет, деп эсептейт.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG