Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:32

Париждеги жарылуудан 17 адам жаракат алды


Париждин алтынчы округунда жайгашкан имаратта жарылуу болуп, өрт чыкты. Андан жабыркаган 17 адамдын он бири өрт өчүрүүчүлөр, калганы ошол үйдүн жашоочулары. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү кабарлоодо деп жазат “Франс пресс” агенттиги.

Алдын ала маалыматтарга караганда, имаратта газ түтүгү жарылышы мүмкүн. Жергиликтүү укук коргоо органдары окуя терроризмге тиешеси жоктугун билдиришти.

Учурда жарылуу болгон жерге жакын жашаган эл коопсуз жайга көчүрүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG