Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Обама: Путин аскердик күчтү тандап алды


Саммиттин катышуучулары. Вашингтон, 1-апрель, 2016-жыл
Саммиттин катышуучулары. Вашингтон, 1-апрель, 2016-жыл

Барак Обама өзөктүк куралдарды кыскартууну улантууга Орусиянын президенти Владимир Путиндин даяр эместигине өкүнүчүн билдирди. Ал Владимир Путин өлкөнүн аскер күчүн чыңдоого басып жасап, ага кеткен экономикалык чыгым ядролук куралды кыскартуу аракетине тоскоол болгонун айтты.

АКШ лидери он ай гана калган президентик мөөнөтүндө эки тараптуу келишим боюнча жаңы кадамдарды күтпөйт, бирок эки тараптуу СНВ-3 келишиминин алкагында милдеттенмелер аткарылат деп ишенет.

Вашингтондо өткөн форумга элүүдөн ашык өлкөнүн лидерлери катышты. Москва буга чейин глобалдык жыйынга бойкот жарыялап, катышпай тургандыгын билдирген. Орусия мунун себебин мындай жыйындар Атом энергетикасы боюнча агенттик өңдүү эл аралык уюмдардын ишине кийлигишип, аларга “чектелүү сандагы өлкөлөр тобунун көз карашын” таңуулап жатканы менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG