Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

Дания качкындардын көптүгүнөн чек арадагы көзөмөлдү күчөттү


Грециядагы качкындар

Грециядагы качкындар

Дания Германия менен чектешкен аймагындагы паспорттук көзөмөлдү 3-майга чейин узартканын 1-апрелде жарыялады.

Мындай чечимди Дания бийлиги Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадан агылган качкындарды көзөмөлдөө максатында быйыл 4-январда кабыл алган эле. Өлкөнүн иммиграция жана интеграция министри Ингер Стойбергдин айтымында, Даниядан баш калка издеген мигранттардын саны көп. 4-январдан 27-мартка чейин Даниянын чек арасынан 488 миң киши өтүүгө аракет кылган. Алардын 984үн Германия киргизген эмес. 3 миңдей киши Даниядан расмий баш калка сураганын DPA агенттиги билдирет.

Amnesty International уюму Түркия бийлиги бир нече миң качкынды Сирияга кайтууга мажбурлаганын, муну менен европалык мыйзамды бузганын жарыялаган. Укук коргоочулардын маалымдоосуна караган, күнүнө 100 сириялыкты Түркия өз мекенине күчтөп кайтарууда. Расмий Анкара мындай айыптоону четке какты. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG