2016-жылдын март айында өрт кырсыгынан 31 адамдын өмүрү кыйылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, өткөн айда өлкө ичинде жалпы 862 тилсиз жоо катталып, жалпы материалдык чыгым 60 миллион сомду түзгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери өрттүн себеби көпчүлүк учурда жарандардын электр жабдыктары жана өрт коопсузудугун сактоо эрежелерин аткарбагандан келип чыгарын белгилейт. (TSh)