Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:19

АКШ Сомалидеги террорчулардын башчыларынын бирин жок кылды


«Аш-Шабаб» террордук тобунун мүчөлөрү

«Аш-Шабаб» террордук тобунун мүчөлөрү

Сомалидеги «Аш-Шабаб» террордук тобунун лидерлеринин бири Хасан Али Дхуре Кошмо Штаттарынын учкучсуз чабуулчу учагы тарабынан өлтүрүлгөнүн Associated Press агенттиги маалымдайт.

Хасан Али Дхурени жок кылуу операциясы 31-март күнү Сомалинин түштүгүндөгү Жилиб шаарынан ондогон чакырым алыста, Кения менен чектешкен жерде ишке ашкан. Дхуреден тышкары учкучсуз учактын чабуулунан дагы үч террорчу жок кылынды.

Пентагондун өкүлү Питер Куктун айтымында, Дхуре «Аш-Шабаб» тобунун коопсуздугу жана чалгын тармагына жооптуу болуп, «Ал-Каида» тобуна да мүчө болчу.

«Аш-Шабаб» террордук тобу «Аль-Каиданын» өнөктөшү катары Сомалиде жайгашкан жана коңшу Кенияда да тамырлары бар. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG