Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Чукул билдирүү: Үшүк жүрөт


3-апрелде Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде айрым жерлерде 0...2 градуска жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган жана гүлдөгөн мөмө бактарга коркунуч алып келет.

3-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Каракол-Эңилчек жана Ала-Бука-Каныш-Кыя авто унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

3-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда автожолдордо тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүзү 11…16 жылуу болот. Таластын айрым жерлеринде түнкүсүн 0...-2 градуска төмөндөп, үшүк жүрөт, күндүзү 10…15 градус жылыйт. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүзү 13…18 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүзү 10…15 градус, тоолуу Нарында түнкүсүн 0…5, күндүзү 12…17 градус жылыйт. Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүзү -1…+4, бийик тоолуу райондордо түн ичинде -6…-11, күндүзү -3…+2 градус болот.

3-апрелде Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү температурасы 6…8 градус жылуу, күндүзгү температурасы 12…14 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG