Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Пальмирада кырктай адамдын сөөгү көмүлгөн жер табылды


Пальмира
Пальмира

Сирия аскери орус аба күчтөрүнүн жардамы менен “Ислам мамлекети” согушкерлер тобун сүрүп чыгарган Пальмирадан кырктай адамдын сөөгү көмүлгөн жай табылды.

Сирия бийлигинин SANA агентствосу "Пальмиранын түндүк-батыш жагындагы мүрзөдөгү сөөктөр көбүнчө аялдар жана балдардыкы, алардын айрымдарынын башы кесилген" деп маалымдады.

Британияда Сириядагы адам укугу боюнча байкоо жүргүзгөн укук коргоочулар согушчандар кыргынга учураткан Палмиранын жашоочуларынын сөөгү шаардын айланасына коюлганын белгилешет.

XS
SM
MD
LG