Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Тоолуу Карабакта он эки азери аскери курман болду


Тоолуу Карабак автономиясындагы кармашта Азербайжан куралдуу күчтөрүнүн он эки аскер кызматчысы курман болду. Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Армян тарапка жасалган соккудан азербайжандын бир Ми-24 тик учагы жана танкы кыйрады. Коргоо министрлиги Азербайжан бир нече стратегиялык аба мейкиндиктерин жана калктуу конуштарын кайтарып алганга жетишкенин белгилейт.

Мындан бир аз мурда өз алдынча жарыяланып калган Тоолуу Карабактын коргоо министри 12 жаштагы эркек бала набыт болуп, дагы эки бала жараат алганын билдирсе, Азербайжандын тышкы иштер министри бир азери жараны өлгөнүн маалымдаган.

Орусиянын президенти Владимир Путин эки кармашкан тарапка телефон чалганын орус медиасы кабарлоодо. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кырдаалды жөнгө салуу боюнча Азербайжан жана Армениянын тышкы иштер министрлери менен байланышканын тышкы иштер мекемеси билдирет.

XS
SM
MD
LG