Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Тоолуу Карабакта 18 армян аскери набыт болду


Армениянын президенти Серж Саргсян Улуттук коопсуздук боюнча кеңеште.
Армениянын президенти Серж Саргсян Улуттук коопсуздук боюнча кеңеште.

“Биз тараптан 18 аскер өлтүрүлүп, 35тей жоокер жарадар болду” деди Армениянвн президенти Серж Саргсян Ереванда өткөн Улуттук коопсуздук боюнча кеңеште. Аскерлер Карабактагы Ереван колдогон жикчил күчтөргө тиешелүүбү же Армениянын армиясынын жоокерлериби так айтылган жок.

2-апрелге караган түнү башталган Азербайжан менен Армения ортосундагы салгылашуудан расмий Бакунун маалыматы боюнча 12 азербайжан аскери мерт кетти.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хикмет Гажиев эл аралык коомчулукту Армениянын аракеттерин айыптоого чакырды.

Армениянын аскер күчтөрү Азербайжандын армиясын талаштуу аймакка танк, оор артиллерия жана согуштук тик учактарын киргизди деп айыптады.

Тоолуу Карабак Азербайжан аймагындагы этникалык армяндар көзөмөлдөгөн аймак.

XS
SM
MD
LG