2-апрелде Москвада болгон басма сөз жыйынында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун басма сөз катчысы Владимир Зайнетдинов Азербайжандын аракети Тоолуу-Карабактагы кагылышуулардын күчөөсүн гана шарттайт деген билдирүү жасады. "Баары сүйлөшүү жолу менен чечилиши шарт", - деген Зайнетдинов «Интерфакс» агенттигине. Анын айтымында, ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа Армения бийлиги менен тыгыз байланышта болуп, кырдаалдан кабар алууда.
Азербайжандын аймагындагы чырлуу Тоолуу-Карабак автономиясында ишембиге оогон түнү катуу салгылаш башталган. Акыркы маалыматтарда Азербайжандын 12 жана Армениянын 18 аскери набыт болгону айтылууда. (BCh)